Мастит менен операция болгом. Качан толук айыгам?
2021.07.06, 13:52
2135
Саламатсызбы! Эмчегимден "острый гнойный мастит" деп операция болгом. Эки айдай болуп калды. Эми ошол эмчегим зыркырап ооруп жатат. Без дагы бар. Ал качан кетет?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.07.2021, 13:57
Назик Зайырбекова
Онколог-маммолог
Саламатсызбы! Биринчиден сизди дарыгерге сөзсүз кайрылууну сунуштайм. Эмчегиңизди сөзсүз түрдө УЗИге тартыш керек.
Кескен жер оорушу мүмкүн. Ал жериңиз ооруса коркунучу жок. Ал эми УЗИден кайрадан ириң пайда болдубу, болгон жокпу көрүш керек. Безди дагы кармап көрүп текшерүү зарыл.
Ден соолугуңузга кам көрүңүз.
Онколог-маммолог Назик Зайырбекова менен инстаграмдагы @dr.zaiyrbekova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп