Көкүрөгүмдөгү папиллома толук айыгабы? Маммолог жооп берет
2021.07.05, 15:43
3321
8-класста окуп жүргөндө көкүрөгүмдө папиллома пайда болгон. Жыйырма жашымда гана докторго көрүнүп, күйгүзүп алып салды. Ошого карабай кайра пайда болду. Ооруу өтүшүп кеткендиктен кайра пайда болуп жатабы? Толук айыкканга болобу жана айыкпаса балалуу болууга мүмкүн эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.07.2021, 15:48
Назик Зайырбекова
Онколог-маммолог
Саламатсызбы! Кеңеш берүүдөн мурун сизди бир сыйра текшерип, эмчекти УЗИге тартыш керек. Андан кийин кандан анализ алып, адамдын папиллома вирусунун бар жогун аныкташ керек.
Бардык анализдердин жыйынтыгын көргөндөн кийин дарылоо жолун айтып бере алабыз. Ден соолукта болуңуз.
Онколог-маммолог Назик Зайырбекова менен инстаграмдагы @dr.zaiyrbekova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп