Сүтүм аздан эле чыгып жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Баламды жети айлыгында бир жарым кг кылып төрөгөм. Салмак кошушу керек деп деп ооруканага эки ай алып калабыз дешкен. Эки ай ал жакта болсо деп сүтүмдү токтотуу үчүн дары ичип алгам. Бирок бир айдан кийин чыгарып беришти.
Эми сүтүм аздан эле чыгып жатат. Кайра сүтүм чыгып кетиши үчүн эмне кылсам болот? Дары ичсем болобу? Коркуп жатам, кеңеш бериңизчи.
Назик Зайырбекова
Онколог-маммолог
Саламатсызбы! Балаңызды көбүрөөк эмизиңиз. Стресстен алыс болушуңуз керек. Ошондой эле өзүңүздү психо-эмоционалдык жактан даярдашыңыз керек. Сүтүм чыгат, баламды эмизем, бары жакшы болот деп. Анткени сүттүн чыгышын регуляция кыла турчу гормон баш мээде.
Сизге ийгилик каалайм!
Онколог-маммолог Назик Зайырбекова менен инстаграмдагы @dr.zaiyrbekova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.