Россиянын жаранымын. Кыргызстандын окуу жайына кантип тапшырсам болот?
Саламатсызбы! Мен Россиянын жаранымын. Кыргызстанга барып окуу жайга тапшырасамбы дегем. Чет өлкөнүн жарандары үчүн кандай милдеттер каралган? Ушул тууралуу айтып бере аласызбы?
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүү (ЖРТ) же ички экзаменди берүү милдеттүү шарт болуп эсептелет. Абитурент жогорудагы эки баалоонун (ЖРТ же ички экзамен) бирөөсүнүн жыйынтыгын көрсөтүүгө тийиш. Эгер жогорку упайга ээ болсо, гранттык орунга талапкер боло алат. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуу жана акы төлөө шарттары Кыргызстан жана Россия жарандары үчүн ар түрдүү.
Ошондой эле Кыргызстандагы бир канча окуу жайлар ЖРТсыз кабыл алат. Алар: Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясы, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети. Окууңузга ийгилик!