// //

Баламдын тонун кол менен алышкан. Кийинки төрөтүмдө дагы ошондой болобу?

2021.06.29, 13:32
1560

Саламатсызбы! Төрөгөнүмдөн кийин баламдын тону түшпөй калган. Анан наркоз сайып кол менен алышкан эле. Ошондо кийинки төрөтүмдө дагы тону кол менен алынабы? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.06.2021, 13:45

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Тилекке каршы, кийинки кош бойлуулугуңузда эмне болоорун алдын ала айта албайбыз. Ошентсе дагы, профилактикалык иш-чаралар бар. Мисалы, кийинки кош бойлуулукту 3 жылдан эрте пландаштырбаңыз. Боюңузда болгондон кийин убагында текшерилип, анализдерди тапшырып туруңуз. Жатын ичине салынуучу спиралды 3 жыл колдонбой туруңуз. Гинекологго барып, башка коргонуу каражаттарын жаздырып алыңыз. 

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт