Кредитимди убагында төлөбөй кара тизмеге түштүм. Кантип чыксам болот?
2021.06.28, 11:37
2987
Саламатсызбы! Кредитимди убагында төлөй албай кара тизмеге түшүп калгам. Эми андан кантип чыксам болот? Кандайдыр бир жолдору барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.06.2021, 11:49
Тажибай Култаев
"Айыл Банктын" кредиттик башкаруу бөлүмүнүн башчысы
Саламатсызбы! Биринчи кредитти төлөө мөөнөттөрүнөн кеч калтырып, кара тизмеге кирип калган болсоңуз, кайра ошол эле банкка кайрылууңуз керек. Айып ставкасы деген нерсе бар, банк ошону менен кайра сизге кредит берет. Мисалы, биринчи 100 миң сом алып убагында төлөй албай тизмеге түшкөн болсоңуз, эми 50 миң сурап, аны мөөнөтүнөн кеч калтырбай бересиз. Ошондо кара тизмеден чыгууга жол ачылат, кредиттик тарыхыңызды тазалап аласыз.
0
Пайдалуу жооп