Баламды туура эмес эмизип, бир төшүм кичинекей болуп калды. Эмне кылам?
2021.06.28, 10:58
1298
Саламатсызбы! Төрөгөнүмө буюрса 4 ай болот. Баламды көбүнчө бир жак эмчегим менен көп эмизип алыпмын. Бирөө чоң, бирөө кичинекей болуп калды. Сүт көп эмген жагына күч келип оорлошуп ооругансып жатат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.06.2021, 10:59
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Саламатсызбы! Бул жерде коркунучтуу эч нерсе жок. Энелерде мындай көрүнүш көп кездешет. Кээде байкабай бирөөсүн көбүрөөк берип алат, кээде бала өзү бирөөсүн эмбей, экинчичин гана эмиши мүмкүн. Эч кабатыр болбоңуз. Балаңызды эмчектен чыгарган соң, убакыттын өтүшү менен калыбына келип калат. Ооруп жатканы боюнча маммологго көрүнүп коюуңуз. Ошондо так себеби билинет.
Ден соолукта болуңуз!
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп