// //

Жеңем таштап кеткен кызын кайра талашып жатат. Эмне кылсак болот?

2021.06.24, 12:37
1794

Саламатсызбы! Биз бир тууган агамдын кызын жети жашына чейин багып чоңойтуп койсок, жеңем талашып сотко берип жатат. Менин агам 2014-жылы өтүп  кеткен. Жеңем бир жыл үйдө жүргөн, кийин кызын бизге таштап турмушка чыгып кеткен. Ушул убакытка чейин бир дагы жолу кабар алган эмес. Апам байкуш жалгыз чоңойтту. Эми жеңем сотко берип тартып алам деп жатат. Азыркы күйөөсүнөн бир кызы бар. Ал күйөөсүнүн мурунку турмушунан баласы бар. Сиңдим аларга кантип батмак эле. Сот сиңдибиз кимге барам десе ошого береби же зордоп коркутуп эле жеңеме берип коюшабы? Эгерде сиңдимди алып кетсе синдим ооруп калышы мүмкүн. Себеби апама аябай көнүп калган. Ал жок тамак дагы жебейт. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.06.2021, 12:47

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Силерге жактоочу жалдоону сунуштайм. Жактоочу апаңыз кызды жети жашынан баштап багып жүргөнүн далилдеп, кызды асырап алуу боюнча иш аракеттерди жүргүзөт. Эгер мындай кылбай эле, көнүп калган деген сыяктуу жөн эле жүйөөлөрдү келтирип, асырап алуу боюнча эч кандай чара көрбөсөңөр, сот апасы тарапка чечим кабыл алып коюшу мүмкүн. Анткени, кыз 10 жашка чыга элек болгондуктан, сот "кимде каласың" деп оюн сурабайт. Ошондуктан, адвокат жалдап, аны менен тыгыз иш жүргүзгүлө. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт