Төрт баласы менен жалгыз калган эжем жөлөкпул үчүн кайсы жерге барса болот?
Саламатсызбы! Менин эжемдин жолдошу бир ай мурун каза болуп калды. Төрт баласы жетим калды. Негизи жашоо шарты аябай оор. Өздөрү Бишкекте турат. Жөлөкпул алуу үчүн кайсы жерге барса болот?
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына берилет. Эгер эжеңиз жөлөкпул алууга муктаж деп эсептесеңиз, анда эжеңиз жашаган жери боюнча райондук социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылса болот.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.