Сотко күбөлөр келбей койсо эмне болот?
2021.06.22, 11:32
1676
Саламатсызбы! Сотко күбөлөр келбей койсо эмне болот? Сот бүтөбү же улам жылып жүрө береби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.06.2021, 11:37
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Күбөлөр кандай иш боюнча экенин жазбай кетипсиз: кылмыш же жарандык ишке тиешелүүбү. Күбөлөрдү мажбурлап алып келүү боюнча сот токтом чыгарып берет. Ал токтомдун негизинде сот аткаруучулар аларды алып келет. Эгер күбөлөрдү табууга таптакыр мүмкүн болбосо, сот тергөөдө берилген көрсөтмөлөрдү угуп, ошонун негизинде чечим кабыл алып коет.
0
Пайдалуу жооп