Төрөтканадан берилген маалымкат менен балама сүйүнчү алсам болобу?
Саламатсызбы! ЗАГСыбыз жок, жолдошум башка өлкөдө болгондуктан жакын арада алалбайбыз. Төрөгөнүмө 2 ай болду. Балама күбөлүк алган жокпуз, маалымкат беришкен, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү ошону менен аласыңар деп. Кантип балага сүйүнчү алсак болот? Ал үчүн паспорт менен баланын күбөлүгү керек экен. А мен жалгыз бой энемин деп алсам болобу? Ошо менен сүйүнчү алып, андан соң жолдошум келгенде ЗАГС алып, кайра балага жаңы күбөлүк алсакпы дегем. Бул мыйзамдуубу?
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! "Балага сүйүнчү" төлөмүн чектеш үчүн баланын жеке номери болушу зарыл. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу көйгөй болуп жатса, жеке номер алып туруу керек. Же болбосо жалгыз бой эне деп ала берсеңиз болот. Бирок, дагы бир жолу кайталай кетейин, сүйүнчүгө кайрылган учурда сөзсүз түрдө баланын жеке номери керек. Кошумча маалымат катары айта кетейин, бала төрөлгөндөн кийин бир ай ичинде күбөлүк алуу керек. Убакыт өтүп кетсе айып пул төлөнөт.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.