Жолдошум менен кошулганда ооруп кетет. Эмне себептен болушу мүмкүн?
2021.06.17, 15:37
3784
Саламатсызбы! Мен турмушка чыкканыма бир ай болду. Жолдошум эки жолу гана жыныстык мүчөсүн киргизе алды. Мен макул болбой жатам, ооруп кетет. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.06.2021, 15:42
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Бир дагы адис сизди текшерип көрмөйүн бир нерсе деп айта албайт. Ооба оорутушу мүмкүн, бирок жыныстык катнаштан толугу менен баш тартууга жеткире тургандай оорутпашы керек. Кыязы, сиздин аң-сезимиңизде бул физиологиялык процесстин жүрүшүнө тоскоол болгон коркунучтар бар. Гинекологго, андан тышкары, психологго көрүнүүнү сунуштайт элем.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп