Боюңдан түшкөндөн кийин салмак кошосуңбу?
2021.06.10, 12:57
1353
Саламатсызбы! Алты ай болгондо боюман түшүп калды. Ошондон бери аябай толуп кеттим. Диета кармасам деле салмак кошуп жатам. Бул эмнеден болушу мүмкүн. Бойдон түшкөндө ушинтип семиреби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.06.2021, 13:01
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Салмак кошконуңуздун себеби түрдүү болушу мүмкүн. Кош бойлуулук жана бойдон түшүп калышы факторлордун бири гана, бирок негизги себеби эмес.
Мен сизге биринчи кезекте эндокринологго кайрылып, богок безин текшертүүнү сунуштайм. Анткени сизде гормоналдык бузулуу, болушу мүмкүн.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп