Бир киши эки айда берем деп алган акчамды, эки жылдан бери бере элек
Саламатсызбы! Мен бир кишиге машинамди вариантка деп саткан болчум. Алдын ала бир дагы сом алган эмесмин. Ортобуздагы келишим боюнча эки айда акчасын бермек. Сатып жатканда түшүнүк кат жаздырып алган эмесмин. Арадан эки жыл өттү, дагы эле бере элек. Ал машинамды дароо сатмак, анткени өзүнө акча керек болчу. Эми акчамды кантип алып алсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Алдамчылык боюнча милицияга арыз менен кайрылсаңыз болот. Анткени, түшүнүк кат жана тил кат жаздырган эмес экенсиз. Милиция арызыңызды алгандан кийин иш козгоп бериши керек. Машинаңызды алган адам ишенимиңизге кирип, мүлкүңүзгө ээлик кылып, сатып жиберген. Ушунун негизинде иш козготсо болот. Тергөөчү келтирген зыяндын ордун толуктоо боюнча атайын иш чараларды алып барат.
Ишиңизге ийгилик!