// //

Кайын журтум үйгө киргизбей кубалап чыгат. Үй сурасам болобу?

2021.06.09, 16:11
1326

Саламатсызбы! Менин эки кызым бар, үчүнчүсү боюмда. Жолдошум органда иштейт. Балдарым менен ар кимдин үйүндө жүрөм. Үй алып берсин деп кайрылсам болобу? 

Күйөөмдүн үйүнө барсам, балдарым менен кошо кубалап жатат. 23 миң сом айлыктан мага канча алимент өндүрүп берет? Боюмдагы балама дагы төлөткөнгө мүмкүнчүлүк барбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.06.2021, 16:17

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы! Сот тартибинде кошумча каражат талап кылып сурасаңыз болот. Андан мурун алимент өндүрүу боюнча сотко кайрылышыңыз керек. Биринчи эки кызыңызга алимент өндүрүп берүүнү сурайсыз. Үчүнчү балага төрөгөндөн кийин. 

Эки балага жолдошуңуздун тапкан акчасынын үчтөн бир бөлүгү, үч балага айлык акынын жарымы өндүрүлөт.

Ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт