Акыры айдан бери дүүлүкпөй калдым. Менде тестостерон төмөндөп кеткенби?
2021.06.03, 15:34
1739
Саламатсызбы! Жашым 30да. Акыркы 1-2 айдан бери дүүлүкпөй жатам. Мурда аялзатын көрсөм эле кумарга баткым келип, жыныс мүчөм туруп калчу. Азыр эмнеге андай болбой жатат? Менде тестостерон төмөндөп кеткенби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.06.2021, 15:37
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Сизди текшербей туруп бир нерсе деп айта албайбыз. Алгач урологго барып көрүнүңүз. Себебин так аныктап туруп, анан ошого жараша дарылайбыз. Гормондорго кан тапшырышыңыз керек болот: пролактин, эстрадиол, тестостерон сыяктуу.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп