Брокерге 20 миң сом алдаттым. Кандай чара көрсөм болот?
2021.06.03, 11:39
1235
Саламатсызбы! Интернеттен брокер боюнча акча табам деп 20 миң салгам. Алдап кетти. Менде паспортунун, сертификатынын сүрөтү бар. Сүйлөшкөндөрүбүздү сактап койгом. Кандай чара колдонсом болот? Кеңешиңизге рахмат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.06.2021, 11:44
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Сиз милицияга арыз менен кайрылышыңыз керек.
Ал башка өлкөнүн жараны, эмне кылам? Ушул сыяктуу суроо пайда болсо деле, арыз менен кайрылыңыз. Ар кандай конвенциялар бар. Ошолор аркылуу биздин милициялар иш алып барат.
Ошондуктан окуяны баяндап, сактап алган маалыматтарыңызды алып алып арыз жазыңыз.
0
Пайдалуу жооп