Өзүбүз Москвадабыз. Ишеним кат менен балдарыбызды жаныбызга алсак болобу?
Саламатсызбы! Эки балабыз бар, алар Кыргызстанда. Өзүбүз Москвадабыз. Балдарды жаныбызга алалы деп, кайын энемдин атына ишеним кат жазып жөнөттүк. Паспорт жасатыш үчүн бүт документтерди алып барса, атасы же апасы экөөнүн бирөөсү болуш керек экенин айтып бербей коюшуптур. Ошондо азыр ишеним кат менен балдарга паспорт алып, аларды жаныбызга алалбайбызбы?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Эгер нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат болсо, кабыл алууга болот. Бирок, бир учурду айта кетүү керек, ата-энесинин паспорту дагы керек деген көйгөй пайда болушу мүмкүн. Анткени, балдарга паспорт алуудагы инструкция боюнча ата-энесинин паспорту керек деп жазылган. Кошумча суроолор боюнча 119 номери аркылуу тактап алыңыз, чалуу акысыз. Ишиңизге ийгилик!