Энелик укуктан ажыратылган эненин балдарына эч кандай тиешеси жок болобу?
2021.06.01, 16:53
1409
Саламатсызбы! Энелик укуктан ажыратылган эне балдарына эч кандай тиешеси жок болобу? Же болбосо документте жазылып, чет жака чыкканда "доверенность" алыш керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.06.2021, 16:56
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгерде эне балдарына карата энелик укуктан ажыратылган болсо, балдары чет жака чыгарда андан ишеним кат керек эмес болуп саналат. Балдары менен атасы менне же атасы дайындаган өкүл менен чыгып келе алат. Болгону соттун чечимин көрсөтуш керек. Бирок, балдардын документтеринде, айталы, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүндө апасынын аты-жөнү кала берет.
0
Пайдалуу жооп