Тизеден ылдый тарамышым түйүлөт. Эмне себептен?
Жашым 16да. Акыркы күндөрү тизеден ылдый бутумдун тарамышы тез-тез түйүлчү болду. Аябай оорутат. Эки, үч күндөп оорусу кетпейт. Эмне себептен болушу мүмкүн?
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Саламатсызбы! Доктурдун көзөмөлүнөн сөзсүз түрдө өтүшүңүз керек. Оорунун себебин так билүү үчүн кошумча суроолор берилет. Мисалы, тамактануу режими кандай, тамактын кандай түрлөрүн жейсиз, жашоо образы кандай, боюңуз, салмагыңыз канча ж.б.
Кошумча кандагы кальцийди, витамин спектрларын, сөзсүз түрдө Д винаминин өлчөмүн ж.б анализдердин жыйынтыгын билүү керек. Бутуңузга байкоо жүргүзүлөт.
Ошондуктан тарамыштарыңыз эмне себептен түйүлүп жатканын так айта албайм. Апаңызга айтып, доктурга көрүнүңүз.
Ден соолук каалайм!