Бөйрөгүм ооруйт. Кандай диета кармашым керек?
2021.05.31, 15:48
1383
Мага урологдун кеңеши керек. Сол бөйрөктөн гидронефроз менен ооруйм. Операция болгом. Кандай диета кармайм, кандай анализдерди тапшырып турушум керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.05.2021, 16:03
Нурбек Монолов
Уролог
Саламатсызбы! Сурооңузга жооп берүү үчүн азыркы абалаңызды так билишим зарыл. Кошумча суроолорду берип, нааразычылыктарыңызды угушум керек. Мүмкүн кандайдыр бир анализдердин жыйынтыгы керек болот. Ошол үчүн уролог же нефрологдун көзөмөлүндө болушуңуз шарт.
Сунушум:
- дарыланыңыз,
- муздакка урунбаңыз,
- бир жылда эки жолу дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп туруңуз,
- ден-сак жашоо образын түзүңүз (баланста тамактануу, спорт, тузду аз колдонуу, заяндуу адаттардан алыс болуу).
Сөзсүз дарыгерге көрүнүңүз.
0
Пайдалуу жооп