Мендеги аялдардын гормонун кантип жок кылса болот?
Саламатсызбы! Аялдардын гормондорун кантип жок кылса болот? Маалымат берип коюңузчу.
Чолпон Муратова
Эндокринолог
Салам! Аялдардын гормону эстроген деп аталат. Негизги эстроген эркек кишилерде да аз өлчөмдө кездешет. Нормада эстроген сперманын пайда болушуна жардам берет.
Бирок эстроген нормадан ашып кеткен болсо, анда тескерисинче сперманы азайтып, потенция төмөндөп кетет жана гинекомастия (эмчек бездеринин чонойуусу) пайда болушу мумкун.
Эстрогендин нормадан көбөйүп кетүүсүнүн себептери өтө көп.
Мисалы:
- Боор оорусунда;
- Адам өтө семирип кеткенде;
- Кандайдыр бир гормоналдык дары дармек ичкенде;
- Туура эмес тамактанганда;
- Аз кыймыл дуулукта ж.б.
Эстрогенди нормага келтирүү үчүн текшерүүдөн өтүп, себебин аныктоо керек. Андан соң нормага алып келсе болот.
Ден соолукта болуңуз!
Эндокринолог Чолпон Муратованы инстаграмдагы dr_myratova баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.