Үйүбүз мыйзамсыз жерге салыныптыр. Эмне кылсак болот?
2021.05.31, 09:14
1154
Саламатсызбы! Жер участогун сатып алып, үй салганбыз. Бирок ал жер мыйзамсыз экен. Эми биздин үйгө кире турган жол дагы сатылып кетиптир. Жолубуз жок калдык. Каяка кайрыларыбызды билбей жатабыз. Эмне кылсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.05.2021, 09:22
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Кутман күнүңүз менен!
Түшүнгөнүм боюнча үйүңүз салынган жер трансформацияга учураган жерлер эмес болуп эсептелет окшойт.
Кошунаңыздын жолду сатып жибергени туура эмес. Азыркы учурда сиздикине окшогон жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча иштер алып барылып жатат.
Маселеңизди чечүү үчүн жериңиз жашаган аймак боюнча айыл өкмөтүнө же мэрияга кайрылыңыз. Ал жактан көйгөйдү тактап, чечүү жолдорун билип аласыз.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп