Кредитимди жабыш үчүн чет өлкөгө барып иштеп келсем болобу?
Саламатсызбы! Өзүмдүн атымда 200 миң өлчөмүндө насыя бар эле. Аны төлөй албай, банк сотко берип, төлөмдү соттун чечими менен төлөп баштадым. Эми бул сумманы жабыш үчүн, деги эле иштеп келүү үчүн чет жака чыга аламбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер соттун чечимин сот аткаруучуга жеткирбей, убагында өз ыктыярыңыз менен аткарып жатсаңыз, анда сыртка чыгууга чектөө коюлган эмес деп эсептейм. Ал эми иш сот аткаруучуга өтүп кеткен болсо, анда сот аткаруучу Кыргызстандан чыгып кетпешиңиз үчүн чек араларга чектөө коюп коюшу мүмкүн. Бул учурда сот аткаруучуга кайрылып, сыртка кетүүңүзгө эч кандай тоскоолдук жокпу тактап алсаңыз болот. Же болбосо, КРнын чек ара кызматына арыз жазып, чет өлкөгө чыгуума тоскоолдук барбы же жокпу деп сураңыз.