Боюма бүтпөшү үчүн укол алам. Бул зыян эмеспи?
Саламатсызбы! Бойго бүтүрбөш үчүн укол алып жүрөм. Аны алгандан кийин этек кир келбейт экен. Мени кооптондурган суроо, келбей калганы зыян эмеспи?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Сиз алып жаткан контрацептивди үзгүлтүксүз колдонуу этек кирдин келбей калышына алып келет. Бирок, бул сизде менопауза болгонун жана мындан ары этек кириңиз келбей калат дегенди билдирбейт, тескерисинче, көптөгөн гормондорго көз каранды болгон оорулардын алдын алууга жардам берет, мисалы, миома, эндометриоз, аппендикт цисталары, эндометрия гиперплазиясы ж.б. Мындай каражаттарды пайдалануу аяктагандан кийинки бирден-бир терс натыйжа - айыз цикли үзгүлтүккө учурайт. Аны калыбына келтирүү үчүн бир аз убакыт талап кылынышы мүмкүн.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.