УЗИге түшсөм гидроцеле деп айтып коюшту. Бул коркунучтуу эмеспи?
2021.05.25, 15:12
1399
Саламатсызбы! Менде бир суроо бар эле. УЗИге түшсөм гидроцеле деп айтып коюшту. Бул эмне жана коркунучтуу эмеспи? Кабатыр болуп жатам.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.05.2021, 15:13
Азат Бейшенов
“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог
Саламатсызбы. Гиидроцеле – бул калтада же урук каналында ашыкча суюктуктун чогулуп калышы. Чоң кишилерде адатта 20-30 жаш куракта пайда болот.
Өзүнөн-өзү гидроцеледе коркунуч деле жок. Бирок кокус бактериалдык инфекция жугузуп алсаңыз тукумсуздукка алып келиши мүмкүн.
Эгер мындай диагноз коюлса, анда аны да операция жасатуу керек.
Азат Бейшенов менен @urologyazat_kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп