Алты айлык кызымдын башы токтой элек. Бул коркунучтуу эмеспи?
2021.05.24, 11:54
1466
Саламатсызбы! Менин кызым алты ай болуп калды. Бирок, башы токтой элек. Эмне кылсам болот? Коркунучтуу эмеспи деп коркуп жатам. Өзү канча айында токтошу керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.05.2021, 11:55
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Нормага ылайык баланын башы 2-4 айында токтоп калышы керек.
Бала башын өтө эрте кармай баштаганы да туура эмес, моюн булчуңдарында гипертонус болушу мүмкүн. Ошондой эле мойнун кеч токтоткону да нормага ылайык келбейт. Мындайды гипотонус деп айтабыз.
Эгер алты айына чейин башын кармай элек болсо, демек жетилүүсүндө кандайдыр бир кемтик бар. Тез арада педиатрга, андан кийин невропатологго консультацияга алып баруу керек.
Кызыңыз ден соолукта болсун!
0
Пайдалуу жооп