Күйөөм менен ажырашсам бир жаштагы кызым ким менен калат?
Саламатсызбы! Биздин үй-бүлө курганыбызга эки жыл болду. Бир жаштагы кызыбыз бар. Эгер ажыраша турган болсок кызыбыз кимге калат? Күйөөм кызымды бербейм деп жатат. Сот кандай критерийлерге карап жана кимге калтырат? Атасы менен энесинин жумушуна, турмуш шартына карайбы? Ажырашсак кызымды алып кое албайбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сот бала ким менен жашаса, анын кызыкчылыктары корголот деген жыйынтыкка карап чечет. Көп учурда бала энеси менен калсын деген чечим кабыл алат. Анткени, эркектер сыртта көп болуп, баланы караганга убактылары болбой калган жагдайлар айтылат. Андыктан, ким менне калат деп кабатыр болбоңуз. Кызыңыздын жанында болуп, ага сүйүү бергенге аракет кылыңыз.