14 жаштагы кызым цистит болуп жатат. Дарылоонун кандай жолдору бар?
Саламатсызбы! Кызым 14кө чыгып калды. Өнөкөт цистит менен ооруйт. Дарылатсам да кайталанып жатат. Башка дагы дарылоонун кандай жолдору бар?
Роман Дадажанов
Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги
Саламатсызбы! 14 жаштагы бала өнөкөт цистит менен оорубашы керек эле. Демек, анализ тапшыруу зарыл. Кызыңызды балдар урологуна алып барыңыз. Инфекция, паразаиттер болот, балким ошолор козгоп жатат. Уролог текшергенде билинет. Өзүңүз эле өнөкөт цистит деп айтпаңыз, бул диагнозду дарыгер баарын текшерип, анализдерин карап туруп, анан өзү коет. Ошондой эле балдар гинекологуна алып барыңыз. Кээ бир гинекологиялык оорулар дагы циститти пайда кылышы мүмкүн.
Ден соолукта болуңуз!
Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.