Стипендиялык программалар: Азербайжанга окууга кабыл алуу башталды
2019.01.29, 11:30
1527
Ислам Кызматташтык Уюмунун программасынын алкагында 2019-2020-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Азербайжан Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алууга 2 бюджеттик орун бөлүндү. bilesinbi.kg редакциясы окууга өтүүнүн шарттары тууралу айтып берет.
Сынакка катыша алат:
- Бакалавриат программалары боюнча - 30 жашка чейинки жарандар
- Магистратура программалары боюнча – 35 жашка чейинки жарандар.
Талап кылынган документтер:
- Анкета (Application form);
- Арыз;
- Паспорттун көчөрмөсү;
- Орто билими тууралуу аттестаттын көчүрмөсү же окуудагы жетишкендиктери тууралуу маалымкат (бакалавриат программасы үчүн);
- Жогорку билими тууралуу дипломунун көчүрмөсү же окуудагы жетишкендиктери тууралуу маалымкат (магистратура программасы үчүн);
- Медициналык маалымкат;
- ВИЧ, СПИД жоктугу тууралуу маалымкат;
- Резюме;
- Мотивациялык кат;
- Англис тилин билүү деңгээли жөнүндө тастыктама (TOEFL, IELTS).
Талапкерлердин документтери төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
- Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257, 220-кабинет
- Телефону: 0 (312) 62 15 19.
Жүктөп алуу:
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.