Мен 13 жаштамын, жыныс мүчөм көп турат. Бул эмненин белгиси?
Саламатсызбы! Мен 13 жаштамын. Жыныс мүчөм көп турат. Анан дагы кичинекей. Бул эмненин белгиси жана коркуп жатам?
Роман Дадажанов
Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги
Саламатсызбы! 13-15 жаш аралыгында жыныс мүчө бат-баттан туруп баштайт. Бирок, бул коркунучтуу эмес, нормалдуу эле көрүнүш. Ошентсе дагы, ата-энеңиз же жакын туугандарыңыздын бирөө менен балдар урологуна жана эндокринологуна барып көрүнүңүз. Гормондорго кан тапшыруу зарыл. Гормондор нормада болсо, эч нерсе кылбай эле коесуз, өзү эле өтүп кетет. Эгер анализ жыйынтыгында кандайдыр бир көйгөй болсо, дарыгер дары жазып берет.
Ден соолукта болуңуз!
Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.