Өз каалоом менен кесарево жасата аламбы же жокпу?
Саламатсызбы! Биринчи кызымды төрөп жатканда, акушер "кол менен алам" деп жатынымды кошо чыгарып алып кайра таккан. Андан кийин 4-5 жыл төрөбөй тур деген, бирок азыр 37 жумалык боюмда бар. Эми өзүм төрөсөм болобу? Коркунуч жокпу же кесарево жасатсамбы? Өз каалоом менен кесарево жасата аламбы? Коруп жатам.
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Сизде плацентаны кол менен бөлүп алган жана сыягы, "выворот матки" болгон. Кээде мындай учурлар кездеше берет. Эгерде балаңызды 37 жумага чейин көтөрсөңүз, анда сизде баары жакшы болушу мүмкүн жана өз алдынча төрөй аласыз. Кош бойлуу аялдын суранычы боюнча кесарево операциясы жасалбайт. Операцияга көрсөткүчтөр болушу керек, дарыгерлер гана өзү чечет.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.