Алты жашымда сүнөткө отургам, азыр 15темин. Дагы бир жолу жасатсам болобу?
2021.05.12, 12:42
1521
Саламатсызбы! Мен азыр 15 жаштамын. Алты жашымда сүнөткө отургам, бирок кайрадан мурункудай эле болуп калган. Дарыгерге айтсам "айыгып кетет" деп койгон. Ата-энеме айтыштан уялып ошол боюнча жүрөм. Дагы бир жолу сүнөткө отурсам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.05.2021, 13:04
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Сиз урологго кайрылууңуз керек. Анткени, жыныс мүчөңүздү текшерип көрүп туруп, дагы сүнөт жасоо керекпи же жокпу так айта алабыз. Балким, нормалдуу эле, сизге ошондой көрүнүп жаткан болушу мүмкүн. Эгер дагы жасоо керек болсо, анда жасап беребиз.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп