// //

УЗИ кош бойлуулуктун мөөнөтүн жаңылыш көрсөтүп коюшу мүмкүнбү?

2021.05.12, 10:18
1763

Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз эки жыл бала күттүк. Ортодон бир ай таарынышып, кайра жарашып кошулдук. Азыр кош бойлуумун. Бирок УЗИден жети жума деп көрсөтүп жатат. Биздин жыныстык катнашка барганыбызга беш эле жума болгон. УЗИ жаңылып калышы мүмкүнбү? Күйөөм мага ишенбей жатат. Мен андан башка эч ким менен болгон эмесмин.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.05.2021, 10:25

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Ооба, адатта, кош бойлуулуктун башталышында, УЗИден мөөнөтү эки жумага чейин айырмаланышы мүмкүн. Ошондой эле, мөөнөтүн өзүңүз кандай эсептегениңизден көз каранды: айызыңыздын биринчи же акыркы күнүнөн баштапты дегендей. Этек кир циклдин узактыгы дагы маанилүү: эрте овуляция болушу мүмкүн. Ушундан улам кош бойлуулуктун мөөнөтүндө айырмалар байкалат. Эгер өзүңүзгө 100 пайыз ишенсеңиз, анда жолдошуңузга аталыкты аныктоо тестин сунуштаңыз. Бул анализ кымбат турат, көп акча кетет, бирок ал үчүн сабак болот.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт