Көптөн бери мастурбация кылам. Кыздыгымды жоготуп алдымбы?
Саламатсызбы! Мен 14 жаштамын. Көптөн бери мастурбация менен алектенип келем. Кыздыгымды жоготуп алдымбы деп чочулайм. Бул ой мени эч качан таштабайт. 3 жашымда арыктан секирейин деп жатканымда зым жыныс органдарымды тытып кеткен. Мен апама айттым, ал кабатыр болбошумду, кыздыгым ордунда эле экенин айтты. Бирок мен дагы деле ойлонуп жүрөм. Мага кеңеш бериңизчи.
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Кыздыктын бүтүндүгүн бузушу мүмкүн болчу кындын ичине кирген нерселер колдонулбаса, мастурбациядан кыздыкты жоготуу сейрек кездешет. Кыздык белгиңиз жөнүндө маселени тактоо үчүн гинекологго кайрылып, текшерүүдөн өтсөңүз болот. Ошондо сурооңузга так жооп алаласыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот