Бухгалтерия тууралуу китеп окуюн десем баары орусча экен. Эмне кылсам болот?
2021.05.07, 14:23
1156
Саламатсызбы! Бухгалтер болууну кыялданам. Бухгалтерия тууралуу китептерди окуюн десем баары эле орус тилинде экен. Кыргызча бухгалтерия тууралуу китептерди кайсыл сайттан же буйрутма берип алсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.05.2021, 14:30
Гүлмира Осмонкулова
Бухгалтер
Саламатсызбы! Тилекке каршы, көпчүлүк маалыматтар орус тилинде, айрыкча мен өзүм кыргызча окуган эмесмин. Улуттук китепканада кыргыз тили бөлүмү болуш керек, балким ошол жерден таба аласыз. Тигил же бул сайттан деп так айта албайм, өзүңүзгө карап көрүңүз.
Өз алдынча изденип, кошумча 1С деген программаларды өздөштүрүп алсаңыз, суроо талап жараткан адиске айланып, маянаңыз жогору болот. Сизге ийгилик каалайм! Кыялыңыз орундалсын!
0
Пайдалуу жооп