// //

Үйдү бекитип шаарга келсек, мурдагы ээси кирип жашап алыптыр. Эмне кылсак болот?

2021.05.07, 11:55
1381

Саламатсызбы! Адвокаттан жооп алгым келет. Жардам бере аласызбы?
Ата-энем бизге 2001-жылдары Балыкчы шаарынан үй алып берген. Бирок аны өздөрүнө жазган эмес. Эжем менен байкем ЖОЖдо окуйт эле, контракт төлөп кыйналып, документин каттаганды унутуп коюшуптур. 2006-жылы окуларын бүтүп, ал үйдү кулпулап коюшкан экен. Эжем менен байкем Бишкекке кеткенде, үйдүн мурдагы ээси кирип жашап алыптыр. Эми сотко кайрылсак алалабызбы? Колубузда үйдүн документтери бар. Алар жасатып алган окшойт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.05.2021, 11:58

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Силер сотко кайрылсаңар болот. Болгону туура кайрылуу керек. Тактап айтканда сатып алуу-сатуу фактысын аныктоо боюнча арыз жазасыңар. Бул үчүн колуңарда жетиштүү далилдер зарыл. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, тил кат сыяктуу факттар болсо абдан сонун. Булардын баарын арызыңарга тиркеп сотко кайрылгыла. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт