// //

Укол алган жерим катып калды. Эмне кылсам болот?

2021.05.06, 16:44
5923

Саламатсызбы! Гинекологко кайрылып, жамбашыма беш күн укол алдым. Бүткөндөн кийин алган жерим катып калды. Компресс кылдым, баары бир кетпей жатат. Эми эмне болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.05.2021, 16:48

Айчүрөк Абиева

Терапевт

Саламатсызбы! Укол терең эмес, башка жерине туура эмес сайылып калганда же дары суюктугун муздагыраак сайып койгон учурда катып же шишик пайда болушу мүмкүн. 

Бир нече убакыттан кийин өзү жок болуп кетет. Эгерде сизди кыйнап жаткан болсо, бир күндө эки жолу йоддон сетка кылыңыз. Жатар алдында магнезия сульфат суюктугун кебезге куюп компресс жасаңыз. Ошондой эле Левомеколь мазын кечинде компресс кылсаңыз жакшы таасир берет. Беш-алты күн жетиштүү болот.

Кээ бир учурда ириңдеп кетиши мүмкүн. Дароо хирургга кайрылыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт