// //

Боюмда бар экенин билбей, коронавируска каршы вакцина алгам. Эч нерсе болбойбу?

2021.05.06, 14:50
1507

Саламатсызбы! Гинекологдон кеңеш сурайын дедим эле. Үч күн болуп калды, коронавируска каршы вакцина алгам. Өзүм медайым болуп иштейм. Бүгүн тест салсам эки сызык болуп чыкты. Апрель айында айызым келген эмес. Ичимдеги балага зыян эмеспи? Кыжалат болуп жатам. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.05.2021, 15:03

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокинолог

Саламатсызбы! Азырынча жаңы вакцинанын кош бойлуу аялдар үчүн тобокелдиктери жөнүндө далилденген маалыматтар жок. Бирок, жалпысынан кош бойлуулук учурунда ар кандай вакциналар коркунуч туудурат, ошондуктан аларды колдонуу сунушталбайт. Сурооңузга так жооп берип, андан кийин эмне болушу мүмкүн экендигин айтуу өтө кыйын. Дарыгердин көзөмөлүндө болууну сунуштайбыз.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт