Күйөөм жерибизди да бербейм, алимент да төлөбөйм деп жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Жолдошум менен ажырашкам. Жашы жете элек эки балам үчүн 3700 сом өлчөмүндө алимент төлөөгө милдеттендирилген. Бирок, "мен төлөбөйм деп арыз жазгам, мен алимент төлөбөйм" деп жатат. Биз жашап жүргөндө чогуу алган жер тилкебиз бар эле. Күйөөмдүн наамына катталган. Ошол жердеги менин жана балдарымдын үлүшүн бербей жатат. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Алиментти төлөбөгөнү боюнча арызды кимге жазганын айырмасы жок. Себеби соттун чечими чыккандан кийин өз балдары үчүн алимент төлөп берүүгө милдеттүү болот. Сот аткаруучуга төлөбөйм деп арызын берген күндө дагы, ал дагы кабыл албайт, анткени соттун чечими чыккан.
Жер маселеси боюнча, документтерин алуу керек. ЗАГС кыркыла элек убакта, тактап айтканда жубайлар чогуу жашап жаткан убакта алынган жер болсо, анда ал жалпы мүлк болуп эсептелет. Ал эми жалпы мүлктү бөлүштүрүү боюнча сотко кайрыласыз.