Күйөөмдүн бруцеллез оорусу уругу аркылуу ичимдеги балага жугабы?
2021.05.05, 12:28
1672
Саламатсызбы! Менин алты айлык боюмда бар. Жолдошум ооруп бардык жеринен анализ тапшырды. Жыйынтыгы бруцеллез болуп чыкты. Бул оору уруктан балага жукпайбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.05.2021, 12:37
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Кооптонуунун кажети жок, анткени бруцеллёз сперма аркылуу жукпайт. Бул сиздин күйөөңүздүн оорусу, курч жугуштуу оорулардын катарына кирет. Ошол эле учурда, ал тукум куубайт. Андыктан, балам дагы бруцеллёз болуп калат деп кабатыр болбоңуз. Күйөөңүз сөзсүз дарылансын, сиз дагы каттоодо турган гинекологуңузга барып, кеңеш алып коюңуз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп