Жети айлык балам эмчек эмбейт. Кайсы сүттү берсем салмагы жакшы кошулат?
2021.05.05, 11:12
1093
Саламатсызбы! Баламды төрөгөнүмө үй ай болду. Өзү жети айлык болуп төрөлөгөн, эгиздин түгөйү. Бейтапканадан такыр эмиздиришкен жок. Үйгө келип эмизсем эмбей койду. Бөтөлкө менен сүт берем. Кайсы сүттү берсем салмагы жакшы кошулат?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.05.2021, 11:18
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Учурда салмагы канча болуп калды экен? Тилекке каршы, бул туурасында жазбапсыз. Балаңыздын ичи катпаса НАН сүт смесинин 4 айга чейин дегенин, же Нутрилак сүт смесин берсеңиз болот. Уйдун жана эчкинин сүтүн бир жашка чыккыча бербеңиз. Сөзсүз педиатрга алып барып, таразага тартып, кеңеш алып коюңуз.
Балаңыз ден соолукта болсун!
0
Пайдалуу жооп