Сперманын түсү ак болсо тукумсуз болуп калабы?
Саламатсызбы! Сперманын нормалдуу түсү кандай болушу керек? Ак болсо тукумсуз болуп калабы? Ушул суроолор мени кыжалат кылып келет.
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Тукумсуздук деп так диагноз коюу үчүн спермограмма тапшырасыз. Ошондо уругуңуздун саны, сапаты билинет. Түсүнө карап туруп эле, балалуу боло аласызбы же жокпу айтуу мүмкүн эмес.
Эгерде уруктун түсү кызыл же күрөң болсо, анда дароо урологго кайрылуу керек. Бул олуттуу көйгөйлөрдүн себеби болушу мүмкүн. Мисалы, травма, сезгенүү, шишик жана башкалар дегендей.
Сперманын түсү, эгер ал боз же саргыч түстөр менен аралашкан сыяктуу ак болсо, анда ал нормалдуу деп эсептелет. Кабатыр болуп жатсаңыз, урологго барып текшерүүдөн өтүп коюңуз.