Кызым эмгенден кийин кусуп салат. Бул коркунучтуу эмеспи?
Саламатсызбы! Кызым алты айлык, кусуп, шалдырап, табы жок болуп жатат. Эмгенден кийин үч мүнөттөй туруп кайра кусуп салат. Бир күндө бир жолу чычат, богу күрөң жана коюу. Оозунан кызыл шилекей сыяктуу суюктук чыгууда. Бул коркунучтуу эмеспи?
Айжан Искендерова
Педиатр
Саламатсызбы! Алты айлык баланын кусуп, шалдырап жана дене табы көтөрүлүп жатканы бир аз кооптуу. Дени сак ымыркай эмгенден кийин, же кекиргенде кээде оозунан бир аз сүт кошо чыгат. Бул кадыресе көрүнүш.
Балким, кызыңыз көп тоюп алып жатат же эмизип бүтөрүңүз менен чалкасынан жаткырып коесуңуз.
Эгерде бала эненин сүтү менен гана тамактанса, анда заңы сары, кошумча тамак берип жатсаңыз күрөң болушу мүмкүн.
Кызыңыздын абалын көз менен көргөндө гана так диагноз коюлат. Дарыгерге кайрылыңыз.