Күйөөм түрмөдөн чыкканча балама документ жасата албай жүрө беремби?
Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүз Россияда иштеп жүрпгөндө кырсыктап, он жылга камалып кетти. Отурганына эки жылдан ашты. Аны күтүп кайын-журтум менен жашадым. Бирок, жашоо болбоду. Ажырашуу үчүн сотко кайрылдым. Эми балама документ жасата албай жүрөм. Жаныма алып, чет жакта иштейин десем, чек арадан паспорту жок өткөрбөйт экен. Күйөөм отурган жеринен камалды деген кагаз алып беребй жатат. Ал чыкканча балама документ бүтүрө албай жүрө беремби? Башка кандай жолу бар? Кеңешиңизге муктажмын.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Күйөөңүздөн балаңыздын документтерин тууралоо үчүн ишеним кат макулдук алууга мүмкүн болбосо, анда балаңызга сот аркылуу паспорт жана өлкөдөн чыгуу үчүн уруксат кагазын алаласыз. Бул үчүн сотко арыз менен кайрылыңыз. Анткени Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 71-беренеси 2-бөлүгүндө "Баланын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары, анын ичинде дарыланууга, спорттук жана башка мелдештерге, эс алууга, туугандары менен жолугушууга убактылуу жөнөп кетүүсүнүн маселеси боюнча ата-энелердин ортосунда талаш-тартыш болгон учурда, сот он жашка чыккан баланын пикирин милдеттүү түрдө эске алуу менен, ишти өндүрүшкө кабыл алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен бул талаш-тартышты карайт жана чечет" деп көрсөтүлгөн.