Үй шартында жыныс мүчөнү чоңойтсо болобу?
2021.05.03, 14:03
1317
Саламатсызбы! Үй шартында жыныс мүчөнү чоңойтсо болобу? Болсо жолдорун айтып бересизби.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.05.2021, 14:06
Роман Дадажанов
Уролог-андролог, жогорку даражадагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги
Саламатсызбы! Жыныс мүчөнү үй шартында чоңойтууга болбойт. Ошондой эле, кээ бир эркектер ар кандай гелдерди колдонуп, массаж жасатып же тарттырышат. Айтып коюу керек, булардын эч кандай пайдасы жок. Эгер жыныс мүчөңүз өтө кичинекей жана жыныстык катнашка барууга тоскоол болсо, анда операция жолу менен гана өлчөмүн узартууга болот. Алгач бул үчүн урологго кайрылып, текшерүүдөн өтүү керек.
Ден соолукта болуңуз!
Уролог Роман Дадажановду инстаграмдагы @andrologkg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп