// //

Эрозиям аябай чоңоюп кетиптир. Эми төрөгөнгө болбойбу?

2021.05.03, 12:53
1760

Саламатсызбы! Эрозия аябай чоңоюп кетиптир. Эми төрөгөнгө болбойбу? Күйгүзсөм төрөй албай каларымды айтып жатышат. Кандай кылып дарыласам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.05.2021, 12:56

Айнура Матураимова

Гинеколог

Саламатсызбы! Бул оору аялдарда көп кездешет. Жарым жылда бир жолу профилактика үчүн текшерлип туруш керек. Бирок, көбү аны кылбайт. Анан оору жөнүндө бир нече жылдан кийин, же кош бойлуулук учурунда  билишет.

Эрозиянын пайда болушунун бир нече себептери бар:

  • бул гормоналдык бузулулар
  • ар кандай инфекциялар
  • сезгенүү процесстери
  • иммунитеттин начардыгы ж.б.

Оорунун баштапкы баскычында дарылоо кыйынчылык жаратпайт. Тез жана оңой жүрөт, анткени жатын моюнчасында сезгенүү же кызаруу жана жара пайда боло элек болот. Оорунун белгилери байкалганда дароо текшерилип, анализ жүргүзүп туура диагнозун коюу үчүн дарыгерге кайрылуу керек. Эгер төрөткө чейин эрозия күйгүзүлүп, толук айыккан болсо, кош бойлуулуктун жана төрөттүн жүрүшүнө көп тоскоол болбойт.

Ооруну дарылоонун бир нече жолдору бар. Гинекологко кайрылсаңыз, эрозиянын өлчөмүнө жараша дарылоону жүргүзөт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт