Бир айлык балама клизма жасасам зыян эмеспи?
2021.05.03, 12:06
1422
Саламатсызбы! Балам бир айлык, эмчек жакшы эле эмет. Бирок, богу чыкпай жатат. Эне кылсам болот? Клизма кылсам зыян эмеспи? Негизи бала күнүнө канча жолу чычыш керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.05.2021, 12:11
Жаркынай Назарова
Педиатр
Саламатсызбы! Эмчек эмген балдар деле чыча албашы мүмкүн. Ыйлабаса же кыйналбаса, мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп саналат. Эгер смесь ичип ичи катып жатса, аны бербей туруңуз же башкага алмаштырыңыз.
Күндө чычыш керек деген нерсе жок. Балаңыз тынчсызданбаса, анда баары жакшы. Төмөнкү белгилердин бирөөсү болсо, ичи катып жаткан болушу мүмкүн:
- заңдаганы абдан кечиксе
- ыйласа
- ыйынып кыйналса
- богу катуу болуп чыкса.
Клизма жасабаңыз, свеча койбоңуз, булар зыян. Эмүүдөн баш тартып, богунда кан же шилекей сыяктуу былжыр болсо, дарыгерге алып барыңыз
0
Пайдалуу жооп