// //

Тынчсыздануу менен кантип күрөшүү керек экенин психолог айтып берет

2021.05.02, 13:29
1245

Өлкөдөгү туруксуз кырдаал жарандардын психо-эмоционалдык абалына таасир этүүдө. Психолог Мария Самсонова тынчсыздануу менен паниканы кантип жеңсе болорун айтып берет.

Организм стресске чалдыкканда төмөнкү белгилер байкалышы мүмкүн:

  • дем алуунун бузулушу;
  • көкүрөк, жүрөк оорусу;
  • булчуң чыңалуусу;
  • дүрбөлөңгө түшүү;
  • баш оору;
  • баш айлануу;
  • уйкунун бузулушу;
  • жаман түштөр;
  • жүрөк айлануу;
  • чыйрыгуу;
  • тамак сиңирүү көйгөйлөрү;
  • ичтин карышы;
  • көзөмөлдөнбөгөн күлкү же көз жаш;
  • чарчоо, көңүл коштук;
  • активдүүлүктүн жогорулашы;
  • көңүлдү бир жерге топтой албоо.

Тынчсыздануу жана стресс - бул организмдин коркунучтуу жагдайга болгон нормалдуу реакциясы. Бирок, стресстик шартта организмдин турукташуусуна жардам берүү керек.

Ар бир адамдын эки таяныч точкасы бар: ички жана тышкы

Тышкы таяныч точкада - жакындарыбыздан колдоо сурап, ичибиздеги болуп жаткан сезимдер жөнүндө сүйлөшүп, кимдердин жанында өзүбүздү жакшы сезсек, ошолор менен жакын мамиледе болушубуз керек.

Ички таяныч точкада өзүбүздү өзүбүз колдоону үйрөнөбүз.

  • Тынчсыздануу күчөп, паника болоюн деп калганыңызды байкасаңыз, терс маалыматтардын агымын чектөөгө аракет кылыңыз. Адамдар алаксыйын деп жаңылыктарды окушат, бирок бул тескерисинче таасир берет: көп окуган сайын тынчсыздануу күчөйт.
  • Реалдуулук менен байланышта болууга аракет кылыңыз. Көпчүлүк  баштарында эң жаман сценарийлерди түзүшөт. Ооба, чек ара жаңжалы  кайгылуу окуя, бирок ал азырынча согуш эмес. Кырдаал ар кандай учурда турукташып кетиши мүмкүн. Коркуткан ойлоруңузду фактылардан айырмалай билгенге үйрөнүңүз.
  • Паника боло берген адамдардан алыс болууга аракет кылыңыз.
  • Тынчсыздансызбы же жокпу, окуянын жүрүшүнө таасир этүүгө күчүңүз жетпейт. Мындай шарттарда көзөмөлдүн ашыкча болушу сизге жардам бербейт, тескерисинче, чыңалууну жаратарын эсиңизге салыңыз.
  • Эгер тынчсыздандырган ойлор, ушактар акыл-эсиңизге сагыздай болуп жабышып калса, аларды блокнотко же телефонуңузга жазып, андан кийин иш кылып, бир нерсеге алаксыңыз.

Көңүлүңүздү "ушул жерде жана азыр" дегенге буруңуз. Төрт деңгээлде баамчыл болуңуз: ойлор, эмоциялар, дененин реакциясы, жүрүм-турум.

  • Мен эмне деп ойлодум эле?
  • Бул эмоциялардын пайда болуусуна кандай ойлор себеп болду?
  • Менин денем бул ойлорду жана сезимдерди кандай кабыл алды? Эмнени башымдан кечирдим?
  • Бул менин жүрүм-турумума кандай таасир этти? Мен эмне кылдым?
  • Абалымды жакшыртууга кантип жардам бере алам?

Эгерде бул көрсөтмөлөр стресстен жана тынчсыздануудан арылууга жардам бербесе, анда психологго кайрылыңыз.

Эскертүү! Бул колдонмо согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактардан тышкары жашаган адамдар үчүн.

Материал kaktus.media сайтынан алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт