26 жаштагы кыздар климакска чалдыгып калышы мүмкүнбү?
2021.05.01, 11:39
1783
Саламатсызбы! 26 жаштамын. Кээде этек кирим төрт айда бир жолу келет. Дарыгерге көрүнсөм, башталып жаткан климакс экенин айтты. Ал кандай оору?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.05.2021, 11:44
Эльмира Чойбекова
Гинеколог
Саламатсызбы! 26 жашта климакс тууралуу сөз кылуунун зарылчылыгы жок. Мен сизге гинеколог-эндокринологго кайрылып, анализ тапшырууну сунуштайм. Жыйынтыгына жараша, себеби так билинет. Этек кириңиздин кечигип келүүсү горманалдык бузулууларга байланыштуу болот. Ошондой эле УЗИге түшүшүңүз керек. Эгер УЗИден энелик клеткалар бар экени аныкталса, климакс жөнүндө сөз дагы болбойт.
Ден соолукта болуңуз.
0
Пайдалуу жооп